Boeing менен Түрк аба жолдору (THY) жаңы учак алуу боюнча келишим түзөт
Фирманын АКШнын Сиэтл шаарындагы борборунун жазуу түрүндөгү жарыясында, Түрк аба жолдору (THY) менен 787-9 Dreamliner үлгүсүндөгү жүргүнчү учактары үчүн буюртма келишимин түзүү токтому чыгарылганы белгиленди.
![Boeing менен Түрк аба жолдору (THY) жаңы учак алуу боюнча келишим түзөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d392/0aed/a872/5aa772a55bc1b.jpg?time=1718836734)
Эң ири учак чыгаруучу фирмалардан Boeing, Түрк аба жолдору (THY) менен 25и анык, 5и опциялуу бардыгы 30 даана 787-9 Dreamliner үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы үчүн буюртма келишими такталганын билдирди.
Фирманын АКШнын Сиэтл шаарындагы борборунун жазуу түрүндөгү жарыясында, Түрк аба жолдору (THY) менен 787-9 Dreamliner үлгүсүндөгү жүргүнчү учактары үчүн буюртма келишимин түзүү токтому чыгарылганы белгиленди.
Dreamliner учактардын THYнын жүргүнчүлөрүнө Стамбулдун үчүнчү аэропортунда кызмат кыла турганы белгиленди.
Boeing жана THYнын менен 787-9 Dreamliner үлгүсүндөгү жүргүнчү учактарынын сатылышы тууралуу меморандумга президент Режеп Таййип Эрдогандын БУУнун башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн 2017-жылы АКШга барганда кол коюлган.
АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Науэрт, Boeingдин THY менен менен түзүлгөн келишимдин такталганын билдиргени боюнча социалдык медиа барагы Твиттер аркылуу тема тууралуу бөлүшүүсүндө буларга орун берди: «Өлкөбүздө жумуш мүмкүнчүлүктөрүн, тышкарыда болсо экономикалык мүмкүчүлүктөрүбүздү арттырган бул келишимди көргөнүбүз үчүн абдан кубандым. АКШ жана Түркиянын ортосунда эркин, адилеттүү жана эки тараптуу сооданын абдан сонун үлгүсү».
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718836734)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718836734)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.