Антальядан 48 өлкөгө гүл экспорттолду
Антальядан 8 - Март дүйнөлүк аялдар майрамынан улам 48 өлкөгө 80 миллион гүл экспорттолду.
Антальядан 8 - Март дүйнөлүк аялдар майрамынан улам 48 өлкөгө 80 миллион гүл экспорттолду.
Ортоңку Анадолу кооздук өсүмдүктөрүн жана продукцияларын экспорттоочулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Осман Багдатлыоглу эң көп кызыл гвоздиканын сатылгандыгын, андан кийин гербера, хризантема жана жашылдыктардын келгендигин белгилеп : «Бул жылы 8 - Март дүйнөлүк аялдар күнүндө өзгөчө Европадан абдан көп талап келди»,- деди. Багдатлыоглу : «Көлөм жактан алганда да 60 пайыздык өсүү болду. эң көп экспортту Нидерландия менен Британияга жасадык»,- деди.
Орусия базарына кайрадан кирүүнүн кубанычын жашап жатышкандарын билдирген Багдатлыоглу Польшага экспортто болсо 378 пайыздык артуу болгондугун белгиледи. Гүл экспортунда бул жылдын январь - февраль мезгилинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 49, 9 пайыздык артуунун болгондугун билдирген Багдатлыоглу : «Өткөн жылы биринчи 2 айда 15 миллион долларлык экспорт болгон болсо бул жылдын 2 айлык мезгилинде 24 миллион долларлык экспорт жасалды. 2018 – жылдагы гүл экспорт максатыбыз 100 миллион доллар. Бул максатка оңой эле жетишебиз деп ойлойм»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.