Орусия Түркиядан айрым айыл чарба азыктарын кайрадан сатып ала баштайт

Орусия айрым айыл чарба азыктарына чектөө койгон болчу.

921005
Орусия Түркиядан айрым айыл чарба азыктарын кайрадан сатып ала баштайт

Орусия Түркиядан айрым айыл чарба азыктарына чектөө коюусун жоюуда.

Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) басма сөз катчысы Юлия Мелано журналисттерге берген маалыматында, 5-марттан тарта Түркиядан перец, баклажан, марул, анар жана ашкабактын импортуна уруксат бериле турганы белгиленди.

Орусия 2016-жылы Түркиядан помидор, перец, баклажан, марул, анар жана ашкабак импорттоосун токтоткон болчу.



Тектеш кабарлар