Түркиянын помидор экспорту өстү

Түркиянын помидор ширеси консервасы жана томатынын экспортунан алган киреше өткөн жылы 184 миллион доллар болду.

920036
Түркиянын помидор экспорту өстү

Түркиянын помидор экспорту менен  томат  жана помидор ширесиндеги экспорт артты.

Түркиянын помидор ширеси консервасы жана томатынын экспортунан алган киреше өткөн жылы 184 миллион доллар болду.

Улудаг экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда помидордун консервасында Япония жана Германиядан, томатына Ирак жана Сауд Аравиядан, помидор ширесине да эң көп Япониядан талап келди. Помидор томатын экспорттоодо өткөн жылга караганда 11 пайызга артып 137 миң 995 тоннадан 152 миң 679 тоннага жетти.

Помидор томатынын экспорту эң көп 88 миң 685 тонна менен Иракка жасалды. Бул өлкөгө экспорттолгон томаттан 87 миллион доллар киреше кирген. Бул өлкөдөн 10 миң 593 тонна жана 11 миллион 96 миң доллар менен Сауд Аравия келди. Помидордун консервасын талап кылган өлкөлөр болсо өткөн жылы Түркияга 29 миллион 773 миң доллар төлөдү.

Бул продукция экспорттолгон өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду Япония алып өткөн жылы 2 миң 343 тонна помидор консервасы үчүн түрк экспортчусуна 1 миллион 785 миң доллар төлөп бул өлкөдөн кийин келген Германияга 2 миң 252 тонна жана 4 миллион 625 миң доллар болуп ишке ашты. Эң көп помидор ширеси экспорттолгон өлкө болсо 2 миң 270 тонна жана 946 миң доллар менен Япония болду.

 



Тектеш кабарлар