Түркиянын килем экспорттоосу

Түркия килем экспорттоодо биринчи орунда турат.

919043
Түркиянын килем экспорттоосу

Түркия дүйнөлүк килем экспортунда биринчи орунду ээледи.

2017-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 1,85 миллиард долларлык экспорт менен дүйнөдө эң ири экспорттоочу болгон түрк килем экспортчулары, Кытай, Индия жана Бельгия сыяктуу ири өндүрүүчүлөрдү артта калтырды.

Өткөн жылдын биринчи 2 айына караганда быйылкы жылдын биринчи 2 айында экспорттун көлөмүн көбөйткөн сектордун өкүлдөрү, Европа, Америка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн кийин багытын Түндүк Африка рыногуна бурду.

Экспорттогу максатын жогорулаткан түрк килем экспортчулары жакынкы келечекте Македония, Косово, Албания, Марокко, Тунис жана Алжирде көргөзмө залдарын (showroom ) ачууну пландап жатышат.

 



Тектеш кабарлар