Стамбулдун аэропортторунан өткөн жүргүнчү саны

«Ататүрк» жана «Сабиха Гөкчен» аэропортторунда январь айында келип-кеткен жүргүнчү менен жүзөгө ашкан каттам саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өстү.

910669
Стамбулдун аэропортторунан өткөн жүргүнчү саны

Стамбулдун аэропорттору 1 айда 8 миллион жүргүнчүнү тосту.

«Ататүрк» жана «Сабиха Гөкчен» аэропортторунда январь айында келип-кеткен жүргүнчү менен жүзөгө ашкан каттам саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өстү.

«Ататүрк» аэропортун өткөн айда ички каттамдарда 1 миллион 589 миң 841 жүргүнчү, тышкы каттамдарда 3 миллион 649 миң 134 жүргүнчү болуп бардыгы 5 миллион 247 миң 975 жүргүнчү колдонду.

«Сабиха Гөкчен» аэропортунда өткөн айда келип-кеткен жүргүнчү саны 2 миллион 702 миң 17 киши болду.

Бул жүргүнчүлөрдүн 1 миллион 856 миң 34ү ички каттамдар, 845 миң 983ү тышкы каттамдарды тандашты.

Шаардагы эки аэропорттон өткөн жүргүнчү саны 7 миллион 949 миң 992 болду.

«Ататүрк» жана «Сабиха Гөкчен» аэропортторунда 2017-жылдын январь айында келген-кеткен жүргүнчү саны  6 миллион 177 миң 562 болсо, өткөн жылга салыштырмалуу 1 миллион 772 миң 430 жүргүнчүгө көбөйгөнү белгилгенди.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында «Ататүрк» аэропортунда ички каттамдарда 11  миң 113 киши, тышкы каттамдарда 25 миң 925 киши болуп жалпы 37 миң 38 учактык транспорт катталды.

«Сабиха Гөкчен» аэропортунда конуп-учкан учак саны ички каттамдарда 11 миң 790, тышкы каттамдарда 6 миң 524 болду. Аты аталган аэропорттордо өткөн айда 18 миң 314 учуу транспорту катталды.

Стамбулдагы эки аэропорттон өткөн жылдын январь айында 48 миң 185 учак конуп жана учса, быйыл каттам саны 55 миң 352 деп катталды.

Ушундайча быйыл өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу аба транспорту 7 миң 167 каттамга артты.



Тектеш кабарлар