Түркиянын экономикасы өсүүдө
Дүйнө бирдей ылдамдыкта өзгөрүүсүн улантат
![Түркиянын экономикасы өсүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d10b/e6a8/eacb/5a7d7ec13eaca.jpg?time=1718935002)
Экономика министри Нихат Зейбекчи, 2017-жылдын төртүнчү чейрегиндеги өсүүнүн 7 пайыздан аша турганын айтты.
Зейбекчи, Стамбул өнөр жай палатасынын Экономика министрлиги менен болгон кеңешүү жыйынына катышты.
Министр Зейбекчи менчик сектордун Түркиянын экономикасы үчүн маанисине көңүл буруп, дүйнөнүн бирдей ылдамдыкта өзгөрүүсүн уланта турганын, Түркиянын да бул дүйнөдө татыктуу орунга ээ боло турганын айтты.
«2017-жылдагы өсүү, төртүнчү чейректин аягында 7 пайыздан да ашат»,-деген Зейбекчи, экспорттун көрсөткүчтөрүндө келип жеткен жер туурасында маалымат берди.
«Түркия өсүүнүн жарымын экспорт менен инвестициялардан жана өндүрүүдөн тапты, идеалдуу өсүү көрсөттү. 2017-жылы Экономика министрлиги катары шыктандыруу документтеринде 2016-жылга салыштырмалуу каржылык жактан 81 пайыздык өсүү камсыздадык. 2018-жылы инвестицияларда, өсүүдө, менчик сектордун инвестиция наркы бизге абдан маанилүү колдоо көрсөтөт»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718935002)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718935002)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.