Антальянын туризм көрсөткүчтөрү
Антальяга келген туристтердин саны өстү.
Антальяга январь айында келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13 пайыз өстү.
Жер ортолук деңиз аймагынын туристтик отелдерчилер жана операторлор бирикмесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, быйылкы жылдын биринчи көрсөткүчтөрүнө караганда Анталья туризминин негизги рыноктордо өсүү көрсөткөнү белгиленди.
Анталья аэропортунун көрсөткүчтөрү боюнча жарыяланган билдирүүдө, өткөн жылдын январь айында 87 миң 310 болгон чет элдик турист санынын ушул жылдын тийиштүү мезгилинде 98 миң 378ге жеткени, өсүүнүн 13 пайыз болгону маалымдалды.
Европалык турист категориясында Германиянын 15 пайыз, Орусиянын 30 пайыз, Англиянын 114 пайыз, Нидерландиянын 21 пайыз, Австриянын 50 пайыз жана Польшанын 600 пайыздык өсүү көрсөткөн өлкөлөр экени баса белгиленди.
Ошондой эле 2017-жылдын январь айындагы 496 миң 264 барып-келген жүргүнчү санынын быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 589 миң 696га жогорулап 19 пайыз өскөнү билдирилди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.