Түркиянын фундук экспорту

Түркия 2017 – 2018 -  жылдагы экспорт сезонунун беш айында 150 миң 473 тонна чагылган фундук экспорттоду.

901730
Түркиянын фундук экспорту

Түркия 2017 – 2018 -  жылдагы экспорт сезонунун беш айында 150 миң 473 тонна чагылган фундук экспорттоду. Кара деңиз фундук продукциялары жана экспортчулар биримдигинен берилген маалыматта 2017 -  жылы 1 -  сентябрдан башталган фундук экспорт сезонунун январь айынын орточо эсебинде стандарт чагылган фундуктун центнеринин (100 килограмм) орточо 614 доллардан сатылгандыгы белгиленди. Маалыматта 2017 -  жылдын 1 -  сентябры менен 2018 -  жылдын 31 -  январында Түркиянын 150 миң 473 тонна фундук экспорттоп, 958 миллион 260 миң 171 доллар киреше алынгандыгы белгиленди.

Экспорттун 114 миң 121,2 тоннасынын Европа Биримдиги өлкөлөрүнө сатылгандыгы билдирилген маалыматта Европа Биримдигинин тышында Европа өлкөлөрүнө 9 миң 761,4 тонна, деңиздин ары жагындагы өлкөлөргө 18 миң 653,4 тонна жана башка өлкөлөргө болсо 7 миң 937 тонна фундук экспорттолду.

Түркия өткөн сезондун ошол эле мезгилинде 112 миң 184 тонна фундук экспорту менен 976 миллион 465 миң 31 киреше алган.



Тектеш кабарлар