Москва биржасында түрк лирасы

Москва биржасында түрк лирасы мезгили башталды.

899984
Москва биржасында түрк лирасы

Анкара-Москва багытында экономикалык тармакта дагы бир тарыхый кадам ташталды.

Москва биржасында түрк лирасы мезгили башталды.

Москва биржасына ылдам түрдө кирген түрк лирасы, биринчи күндө 1 жарым миллион рубль б.а орто эсеп менен 100 миң лирага сатылды.  

Бул ишке ашыруу, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык иштерине катышкан банк кардарлары жана инвестиция фирмалары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр дегенди туюнтат.

Орусия менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү өткөн жылы 40 пайыз өсүп 20 миллиард доллардан ашты.

Орусиялык кызматкерлер, ушундайча улуттук акча бирдиктеринин ролунун артаарын баса белгилешти.

Москва биржасында учурда доллар, евро, Англия стерлинги, Швейцария франкы, Гонконг доллары, Кытай юаны, Беларусь рубли жана казак тенгеси аркылуу жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар