Японияда чоң суммадагы крипто акча уурдалды
Японияда 2014-жылы 400 миллион доллардык санариптик капиталын жоготкон Mt-Gox крипто акча биржасы кыйраган.
Япониянын эң ири крипто акча биржаларынан Coincheckтин базар баасы 534 миллион доллар болгон «NEM» аттуу крипто акча бирдигине таандык шифр киргизилген коддор кибер чабуулу аркылуу уурдалды.
Компьютер каракчылары 534 миллион доллар баасындагы крипто акчаны өз эсептерине которуп алды.
Кибердик кол салуудан кийин Coincheck, Bitcoinден тышкары бардык крипто акча бирдиктерине таандык процедураларды тоңдурду.
Уурулук ырасталган учурунда, мунун ушул убакка дейре болгон эң чоң крипто акча уурдоо боло турганы билдирилди.
Бир фирманын өкүлү, япон медиасына берген маалыматында жума күнү жоголгон фонддордун артка кайтарылышынын мүмкүн болбой турганын айтты.
Киодо агенттигинин маалыматына караганда Coincheckтин төрагасы Коичиро Вада, басма сөзгө берген маалыматында интернеттен жетилген бир система менен «NEM» эсептеринин башкарылганын жарыялады.
Вада, техникалык кыйынчылыктар жана техниктердин жетишсиздигинин себебинен фирманын виртуалдык акча бирдиктеринин башкарылуусуна уруксат берген технологиянын өнүктүрүлүшүн бүтүрө албаганын айтты.
Уурулук окуясы келип чыгышынан кийин крипто акча биржасынын жалпы баасында орто эсеп менен 10 пайыздык төмөндөө көрүнсө, 6 триллион йендик жоготуу болду.
Японияда 2014-жылы 400 миллион доллардык санариптик капиталын жоготкон Mt-Gox крипто акча биржасы кыйраган.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.