Түрк аба жолдорунан арзан билет акциясы...

Түрк аба жолдору арзан баада саякат кылуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоодо.

892024
Түрк аба жолдорунан арзан билет акциясы...

Түрк аба жолдорунан Түштүк Европага арзан билет акциясы...

Түрк аба жолдору, Стамбулдан учуп Европада Италия, Испания, Франция, Мальта, Португалия жана Грециядагы 24 жерге барып-келүүнүн акысы 139 доллардан башталган бааларда саякат кылуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоодо.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда, чектелүү сандагы орундук үчүн жарактуу болгон арзандатуудан пайдалангысы келген жүргүнчүлөр, Стамбулдан учууларда 17-31-январь күндөрүнүн аралыгында сатып ала турган билеттерин 12-февралдан 7-июнга чейин бардык салыктар менен бирге 139 доллардан башталган бааларда учуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Акциядагы баалар Түрк аба жолдорунун расмий интернет баракчасындагы баалар менен бирге, билет сатуу офистеринде жана агенттиктерде айырма болушу мүмкүн.

Бул акция тууралуу «www.turkishairlines.com» интернет барагынан же 4440849 номерине чалып кеңири маалымат алууга болот.



Тектеш кабарлар