Жашылча - жемиш экспорту

Эгей экспортчулар биримдигинен берилген маалыматта 2016 -  жылы Түркия экспорттогон жашылча  - жемиштен 1 миллиард 979 миллион доллар киреше алынган.

887516
Жашылча  - жемиш экспорту

Түркиянын өткөн жылы жашылча  - жемиш экспортунун 2016 -  жылга караганда 13 пайызга артып 2 миллиард 231 миллион долларга чыккандыгы белгиленди. Эгей экспортчулар биримдигинен берилген маалыматта 2016 -  жылы Түркия экспорттогон жашылча  - жемиштен 1 миллиард 979 миллион доллар киреше алынган.

Маалыматта көз караштарына орун берилген Түркия экспортчулар ассамблеясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү жана Эгей жашылча – жемиш экспортчулар биримдигинин төрагасы Рыза Сеййар экспорттун артуусунда аба жолу аркылуу жүк ташуунун да таасиринин бар экендигин айтты.

Жашылча  - мөмө экспортунда аба жолу аркылуу жүк ташуунун үлүшүнүн 121 миллион 811 миң доллар экендигин билдирген Сеййар сектордун 2016 -  жылы  күн тартибине алган, 2017 -  жылы да көп колдонгон аба жолу аркылуу жүк ташуунун үлүшүн чоңойтууну каалашкандарын белгиледи. Turkish Cargo Измир  жүк ташуусунун директору Фаик Дениз да фирмадагы учак санынын 18ге жеткендигин билдирди.

Измир  -  Тель Авивдин ортосунда  1 жылдан бери ишемби күн сайын аба аркылуу жүк ташуу каттамдарынын бар экендигин белгилеген Дениз : «Тель Авивге барган аба жолу аркылуу жүк ташуу учагында  эң көп балык ташылат. Продукцияны түрдөнтүүнү каалайбыз. Бул каттамда жашылча  - жемиштин да болушу үчүн биргеликте иш алып баруу үчүн бул жердебиз. Өлкөнүн экономикасы үчүн кичинекей салым менен чоң айырмачылыкты жаратууга аракет кылып жатабыз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар