2018-жылы 170 миллиард доллардык экспорт максатына жетебиз
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчи орун басары, премьер-министр Бинали Йылдырым, Кыршехирде партиясынын кезектеги 6-Облустук конгрессинде сүйлөгөн сөзүнрдө, эмгектенүүлөрүнүн натыйжасында өлкөнүн 3 эсе өскөнүн белгилеп кетти.
Премьер-министр Бинали Йылдырым, 2018-жылы 170 миллиард доллардык экспорт максатына жетүүнү көздөгөндөрүн айтты.
Акыркы 15 жылда экспорттогу эң жакшы жылдын быйыл болгонун баса белгилеген Йылдырым; «157 миллиард доллар экспорттон ашып рекордго жетиштик. 2018-жылы да 170 миллиард долларды көздөп турабыз. Буюрса ал максатка жетебиз»,-деп айтты.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчи орун басары, премьер-министр Бинали Йылдырым, Кыршехирде партиясынын кезектеги 6-Облустук конгрессинде сүйлөгөн сөзүнрдө, эмгектенүүлөрүнүн натыйжасында өлкөнүн 3 эсе өскөнүн белгилеп кетти.
Йылдырым, киши башына түшкөн улуттук кирешенин 3 миң доллардан 11 миң долларга жогорулаганын айтты.
Премьер-министр Йылдырым: «Аймагыбыздагы өлкөлөрдүн тынчтыгын бузгандары жетпей калгансып жаңы маселелерди жаратууга аракет кылышууда. Көңүл аймагыбыздын эч бир жерине чок түшүшүн каалабайбыз. Эгерде ушундай чок түшсө анда ал биздин көңүлүбүзгө түшкөн болот. Тилекке каршы аймагыбызга көз арткан жаман ниеттүүлөр бар. Буларды билебиз. Тууган Иран калкынын ушундай оюндарга каршы сергек болушун өзгөчө биз каалайбыз. Биз үчүн Ирандын ыраатуулугу, тынчтыгы маанилүү. Ирандын тынчтыгын бузуш үчүн тышкарыдан кийлигишүүлөрдү эч качан каалабайбыз, кабыл албайбыз. Ошондуктан коңшубуздун тез арада тынчтык жана ыраатуулугуна кайтышын күтүүдөбүз. Түркия, өз укугун коргону сыяктуу дос жана коңшуларынын укугун да коргоого аракет кылган өлкө»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.