2018-жыл дүйнө жүзү үчүн катаал жыл болушу мүмкүн

Англиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги, БУУнун гуманитардык жардам кеңсесине кошумча түрдө 21 миллион доллар которуш үчүн даярдыктарын баштады.

880429
2018-жыл дүйнө жүзү үчүн катаал жыл болушу мүмкүн

Англиянын эл аралык өнүгүү министри Пенни Мордаунт,2018-жылы 2-Дүйнөлүк согуштан кийинки эң жаман адамзат кризиси боло турганын айтты.

«The Telegraph» гезитинин кабарына караганда Англиянын эл аралык өнүгүү министри Пенни Мордаунт, «2017-жыл коркунучтуу адамзат кризистери болгон жыл болсо дагы, 2018-жыл андан да катаал жыл болушу мүмкүн»,-деп айтты.

Англиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги, БУУнун гуманитардык жардам кеңсесине кошумча түрдө 21 миллион доллар которуш үчүн даярдыктарын баштады.

Аты аталган булактын маселелүү аймактарда 13 миллион кишиге суу жеткирилип саламаттык сактоо шарттарынын жакшыртылышы жана 9 миллион кишинин азык-түлүк муктаждыгынын камсыздалышы үчүн колдонула турганы билдирилүүдө.

БУУнун Гуманитардык иштер боюнча баш катчынын орун басары жана курч курдаалдар координатору Стивен О'Брайен, март айында дүйнө жүзүнүн 1945-жылдан кийин көрүнгөн эң чоң адамзат кризисинен өткөнүн айткан.



Тектеш кабарлар