Түркия өзүнүн Bitcoin акчасын өндүрүп чыгарат.
Түркияда Bitcoin акчасы кандай болот?
![Түркия өзүнүн Bitcoin акчасын өндүрүп чыгарат.](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/88f1/e5b7/1bf6/5a324b5a5186e.jpg?time=1718918214)
Түркия өзүнүн Bitcoin акчасын өндүрүп чыгарат.
Биржа Стамбулдун төрагасы Химмет Карадаг, Биржа Стамбулдун өзүнүн виртуалдык акча бирдиги BISTcoin боюнча эмгектенип жатканын жарыялады.
Крипто акча бирдиктеринин Стамбул биржасында жүгүртүүгө коюлушунун мүмкүн болуп болбой турганы темасында маалымдоо жасаган Карадаг: «Болушу мүмкүн, бирок учурдагы крипто акчалар менен эмес. Учурдагы акчаларда таяна турган капитал болбогону үчүн манипуляциага ачык»,-деди.
Стамбул Биржасынын өзүнүн крипто акча бирдиги «BISTcoin» боюнча эмгектенип жаткандарын айткан Карадаг: «Blockchain технологиясын колдонуп жана таяныч капиталы болгон крипто акчалар боюнча эмгек жасоодобуз. Аты «BISTcoin» болушу мүмкүн»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718918214)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718918214)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.