Трабзон 65 өлкөгө токой жаңгагын экспорттоду

Андан 760 миллион 216 миң 409 доллар киреше түштү

863456
Трабзон 65 өлкөгө токой жаңгагын экспорттоду

Быйылкы жылдын 11 айдында Трабзондон 65 өлкөгө токой жаңгагы (фундук) экспорттолду.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, январь-ноябрь айларынын аралыгында Трабзондон 106 миң 35 тонналык токой жаңгагы экспорттолуп, андан 760 миллион 216 миң 409 доллар киреше түштү.

Токой жаңгагынын экспортунда Италия 159 миллион 66 миң доллар менен биринчи орунду ээледе. Андан кийин 113 миллион 128 миң доллар менен Германия, 102 миллион 411 миң доллар менен Франция, 61 миллион 809 миң доллар менен Польша, 44 миллион 381 миң доллар менен Канада турат.

Трабзондон айрыкча Мексика, Бразилия, Норвегия, Дания, Литва, Тунис, Малайзия, Жаңы Зеландия, Эстония, Финляндия, Колумбия, Сингапур да арасында болгон 65 өлкөгө экспорт жасалды.



Тектеш кабарлар