Түркиянын боз талааларында эмнелер бар?

«Түркиянын боз талаа экосистемасынын корголушу жана туруктуу башкаруу» долбоору ишке ашууда.

861944
Түркиянын боз талааларында эмнелер бар?

Түркиянын учу кыйыры жок боз талааларынын экологиялык бүтүндүгүнүн корголушу максаты менен иштер башталды.

Токой чарба жана суу иштери министрлиги менен Азык-түлүк, талаа жана мал чарбачылыгы министрлигинин жол башчылыгында Глобалдык айлана-чөйрө форумунун финансылоосу менен БУУнун азык-түлүк жана талаа уюму тарабынан «Түркиянын боз талаа экосистемасынын корголушу жана туруктуу башкаруу» долбоору ишке ашууда.

Долбоор Түркиянын корголгон боз талаа аянттарынын өнүктүрүлүшү. Боз талаалардын биологиялык түрдүүлүгнүнүн корголушу жана аймак калкынын жашоо булактарынын кепилдикке алынышы максатталууда.

Долбоордун алкагында пилот аймак катары белгиленген Шанлыурфадагы Тек Тек тоолору улуттук паркы, Кызылкуюу жапайы айбандардын өсүүсүн өнүктүрүү аянты жана Карадаг аймактарында жасала турган изилдөөлөрдүн натыйжасында улуттук деңгээлде боз талааны коргоо стратегиясы түзүлөт.

Табиятты коргоо жана Улуттук парктар боюнча 3-аймактын директору Исрафил Эрдоган, Түркиянын орто эсеп менен 40 пайызынын боз талаалардан турганын айтты.



Тектеш кабарлар