Түрк ишканасына сыйлык

Түрк коргонуу ишканалары эң мыктылардын арасында...

859287
Түрк ишканасына сыйлык

АКШнын Орландо шаарында өткөрүлгөн дүйнөнүн эң ири моделдөө, симуляция жана билим берүү конференциясы «I/ITSECке» айрым түрк ишканалары да катышты.

Конференциянын алкагында дүйнөнүн эң маанилүү симуляция жана билим берүү өнөр жайы медиаларынан Military Simulation&Training Magazine (MS&T) тарабынан жыл сайын өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктары жарыяланды.

2017-жылдагы Өнөр жай симуляция жана билим берүү сыйлыктарынын финалисттеринин арасында Түркиядан коргонуу жана авиация компаниясы BİTES орун алды.

Сынакта финалган калган BİTESтин «финалист сыйлыгын» ишкананын башкы директору Угур Жошкун алды.



Тектеш кабарлар