Түркия, Иран жана Катардын ортосунда соода-сатык келишими түзүлдү

Келишим боюнча Иран, Түркия жана Катардын ортосунда транзит өтүүнү камсыздаган өлкө болот.

855608
Түркия, Иран жана Катардын ортосунда соода-сатык келишими түзүлдү

Түркия, Иран жана Катардын ортосунда соода-сатык товарларынын ташылышы жана транзит өтүшүн жеңилдетүүчү келишимге Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчи, Ирандын кен, өнөр жай жана соода министри Мухаммед Шериатмедари жана Катардын экономика жана соода министри Шейх Ахмед бин Жасим бин Мухаммед Ал Сани тарабынан кол коюлду.

Ирандын борбор шаары Тегеранда, Түркия, Иран жана Катардын ортосунда кол коюлган келишим менен деңиз, жана кургактыктагы транспорт жеңилдейт, аны менен катар үч өлкөнүн ортосундагы соода карым-катнаштарынын кеңейтилишине да пайдубал түптөйт.

Келишим боюнча Иран, Түркия жана Катардын ортосунда транзит өтүүнү камсыздаган өлкө болот.

Үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен иш тобу да түзүлө турганы көздөлгөн келишимде, жыл сайын үч жолу баа берүү жыйналышы өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.


Этикеткалар: #Түркия , #Иран , #Катар , #келишим

Тектеш кабарлар