Стамбулдагы дүйнөнүн эң чоң аэропортунун 73 пайызы салынып бүттү

Стамбулдагы жаңы аэропортто иликтөө жүргүзгөн транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан,журналисттерге маалымат берди.

850403
Стамбулдагы дүйнөнүн эң чоң аэропортунун 73 пайызы салынып бүттү

Стамбулда салына баштаган дүйнөнүн эң чоң аэропортунун курулушунда 73 пайыздык бөлүк бүттү.

Стамбулдагы жаңы аэропортто иликтөө жүргүзгөн транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан, Стамбулдагы жаңы аэропортун курулушундагы ылдамдыктын ыраазы кылуучу болгонун айтты.

Арслан, аэропорт курулушунда журналисттерге берген маалыматында, акыркы 15 жылда аэропорт санынын 26дан 55ке, жүргүнчү санынынын 34,5 миллиондон 180 миллионго жеткенин, 2017-жылды 189 миллион жүргүнчү саны менен жабууну максаттагандарын билдирди.

Стамбулдагы жаңы аэропорттун 90 миллион жүргүнчүгө кызмат кыла турган биринчи фазасын орто эсеп менен 1 жылдан кийин 29-октябрда тейлөөгө киргизе тургандарын билдирген Арслан, бул аэропортту өлкөдөгү адамдарды жана ошондой эле дүйнөдөгү адамдарды тейлөөсү үчүн иштете тургандарын белгиледи.

Ахмет Арслан, аэропорт толук бүткөндө күнүгө 3500 учакка кызмат кыла турганын, учурда 1500 учакка кызмат кылган Стамбулдун «Ататүрк» аэропортундагы жетишкендиктерин «рекорд» дегендерин айтты. Бул жерде 150 авиациялык фирмага кызмат кыла тургандарын белгилеген Арслан, Стамбулдун жаңы аэропорттон 350 дестинацияга жете тургандарын белгиледи.

Министр Арслан, аэропорттун алгачкы бөлүмү ачылганда 100 миң кишиге, 2023-жылга чейин долбоор толук бүткөндө 200 миңден 225 миң кишиге чейин жумуш менен камсыздай тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар