Исанын портрети рекорддук баага сатылды
1500 жылдык картина аукциондо сатууга коюлду
Леонардо Да Винчинин «Сальватор Мунди» аттуу картинасы акциондо рекорддук баага сатылды.
АКШнын Нью-Йорк шаарындагы «Кристи» аукцион үйү тарабынан сатууга коюлган, Кайра жаралуу доорунун белгилүү итальян сүрөтчүсү Да Винчинин Азирети Исаны сүрөттөгөн картинасы 450 миллион долларга сатылды.
Азирети Исанын оң колун көтөрүп жана сол колунда глобусту кармап турганын сүрөттөгөн 1500 жылдык картинанын биринчи ээсинин бири Англиянын королу Чарльз I эле.
1900-жылдырга чейин дайынсыз жоголгон картина андан соң Англиянын бир көркөм-өнөр коллеционери тарабынан сатып алынган. 1958-жылы болсо оргиналдуу эмес экенин ойлошуп 60 долларга сатылган.
Эскирген картинанын 2005-жылдан кийинки изилдөөлөрдө Да Винчинин оргиналдуу эмгеги экени аныкталып, картина жаңыланган жана акыркы болуп орус миллиардер Дмитрий Рыболовлев тарабынан 127,5 миллион долларга сатып алынган болчу.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.