Аланьяда круиздик туризм

Туристтер Аланьянын тарыхый жана туристтик жерлерин кыдырышты

849128
Аланьяда круиздик туризм

Антальянын Аланья районуна эки круиздик кеме менен 1 миң 584 турист келди.

Грециядан жолго чыккан Бахама желектүү «Амадея» аттуу кеме Аланья портуна токтоду. Көпчүлүгү немис 504 туристти алып келген круиздик кемеде 319 кызматкердин болгону билдирилди.

Мальта желектүү англиялык кеме Thomson Spirit болсо Аланья портуна бир жуманын ичинде экинчи жолу келди. Люкс кеме, көпчүлүгү англиялык 1 миң 80 турист алып келди.

Туристтер Аланьянын тарыхый жана туристтик жерлерин кыдырышты.



Тектеш кабарлар