«Айла» киносунан кайрымдуулук акциясы

Чогулган каражаттар согуштан жапа чеккен балдар үчүн жумшалат

845169
«Айла» киносунан кайрымдуулук акциясы

Түркия Оскар үчүн «Чет тилдеги мыкты кинотасма» номинациясында талапкер көрсөткөн «Айла» аттуу кинонун социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында, согуштан жапа чеккен балдар үчүн жардам акциясы баштатылды.

«Айла» киносун жараткан Санариптик көркөм-өнөрлөрдүн билдирүүсүндө, согуш аянтында таап куткарган кичинекей кызды өз баласындай караган бирок мыйзамдар уруксат бербегендиги үчүн Түркияга алып келе албаган офицер Сулейман Дилбирлигинин 60 жылдык издөө баянын түшүндүргөн кинодогу сыяктуу согуштан жапа чеккен бардык балдарга карата өзгөчө көңүл бурууну жогорулатуу жана колдоо көрсөтүү үчүн акция баштатылганы белгиленди.

Билдирүүдө 3005ке «AYLA» деп жазып смс жөнөткөн ар кимдин ЮНИСЕФке 10 лиралык жардам кыла алары айтылды.

ЮНИСЕФтин көрсөткүчтөрүнө караганда дүйнөнүн жалпысында согуштап жапа чеккен 28 миллион бала бар экени баса белгиленген билдирүүдө: «Анын үстүнө бул балдардын 1,5 миллиону Түркияда жашайт. Кайрымдуулук каражаттары балдардын корголуусу, таза суу жана жакшы шарттарга жете алуусу, билим алуулары үчүн чогултулууда»-деп айтылды.



Тектеш кабарлар