Стамбул аэропортторунун жүргүнчү саны

Стамбулда Ататүрк жана Сабиха Гөкчен аэропорттору жылдын биринчи 9 айында 71 миллион 129 миң 281 жүргүнчүнү тосуп алды.

834759
Стамбул аэропортторунун жүргүнчү саны

Стамбулда Ататүрк жана Сабиха Гөкчен аэропорттору жылдын биринчи 9 айында 71 миллион 129 миң 281 жүргүнчүнү тосуп алды.

Эки аэропортто ошол эле мезгилде 511 миң 797 учак конуп  - учту. 2017 -  жылдын январь  - сентябрь айларынын ортосунда Ататүрк аэропортунун ички каттамын14 миллион 635 миң 984, тышкы каттамын 33 миллион 10 миң 845 жүргүнчү колдонду.  Ушундайча 47 миллион 646 миң 829 киши бул  аэропорттон саякатка чыкты.

Ататүрк аэропортун  өткөн жылы  ушул эле мезгилде ички жана тышкы каттамдарда 46 миллион 245 миң 426 жүргүнчү жүргүнчүлүккө чыккан. Бул жылы ошол эле мезгилде 1 миллион 401 миң 403 жүргүнчүгө артты.

2017  - жылдын биринчи 9 айында Стамбул Сабиха Гөкчен эл аралык аэропортун колдонгон ички каттамдардагы жүргүнчү саны болсо  15 миллион 693 миң 971 киши деп белгиленди. Тышкы каттамдарда болсо 7 миллион 788 миң 481 жүргүнчү катталган.

Аэропорт январь  - сентябрь айларында жалпы 23 миллион 482 миң 452 жүргүнчүнү тосуп алган болсо,  өткөн жылы  ушул эле мезгилде 22 миллион 544 миң 659 жүргүнчү  бул аэропортту колдонгон. Ушундайча бул жылы бул аэропорттон 937 миң 793 жүргүнчүгө арткандыгы каттоого өттү.

Өткөн жылы январь  - сентябрь айларында эки аэропортту пайдаланган ички жана тышкы каттамдарда жалпы жүргүнчү саны 68 миллион 790 миң 85 киши болуп, бул жылы болсо бул сан 71 миллион 129 миң 281 киши деп белгиленди.

 



Тектеш кабарлар