Сингапурда жаңы унааларга тыюу салынат

Жаңы автомобилдерге тыюу салган өкмөттүн, алдыдагы 5 жыл үчүн коомдук транспортко 21 миллиард доллардык инвестиция салуу пландалганы жарыяланды.

832732
Сингапурда жаңы унааларга тыюу салынат

Сингапурда 2018-жылдын февралынан баштап жаңы автомобилдердин транспортко чыгуусуна уруксат берилбейт.

Сингапурдун Транспорт министрлигинин курамындагы Кургактык транспорт директорлугунун интернет барагында чыккан жарыяда, жолдордун дагы көп кеңейтилиши мүмкүн болбогону белгиленди.

Анда жаңы автомобилдерге тыюу салган өкмөттүн, алдыдагы 5 жыл үчүн коомдук транспортко 21 миллиард доллардык инвестиция салуу пландалганы жарыяланды.

Абдан кичине арал өлкөсү абалындагы Сингапурда унаа ээлери, 10 жылдык уруксат ала алышат жана чектелген сандагы уруксаттар тендер жолу менен унаа ээлерине берилет.

Машинанын ээси болуш үчүн эң баалуу өлкөлөрдүн башында турган Сингапурда, кичине бир автомобиль үчүн уруксат акысы 30 миң долларга жетет.



Тектеш кабарлар