Орусия Түркиядан баклажан менен анар да импорттойт
Александр Ткачев маалымат берди
Орусиянын айыл чарба министри Александр Ткачев, помидордон кийин Москванын 30-октябрдан тарта 27 түрк компаниясынан баклажан жана анар сатып алаарын айтты.
Стратегиялык жана артыкчылыктуу долбоорлорду иштеп чыгууга карата өткөрүлгөн жыйындан кийин маалымат берген Орусиянын айыл чарба министри, биринчи божомолдоолорго караганда Түркиядан жылына 10-15 миң тонна анар, 2-3 миң тонна да баклажан импорттолушу мүмкүн экенин билдирди.
Бул учарда Ткачев ноябрь-декабрь айларында Түркиядан помидор сатылып алынышына уруксат берилиши үчүн керектүү документтерди да даярдагандарын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.