Байыркы Эфес шаарын деңиз менен байланыштыра турган долбоор

Долбоордун негизинде узундугу 6 миң 130 метр болгон канал ачылат

830606
Байыркы Эфес шаарын деңиз менен байланыштыра турган долбоор

Мамлекеттик суу иштери боюнча башкы директорлук тарабынан байыркы Эфес шаарын 2 миң 500 жылдан кийин кайрадан деңизге кошо турган канал долбоорунун биринчи этабы үчүн өткөрүлгөн тендерде 53 сунуш берилди.

Премьер-министр Бинали Йылдырымдын «35 Измир долбоорунун» арасында орун алган эки этаптуу «байыркы Эфес шаары каналы» долбоорунун биринчи этабы үчүн уюштурулган тендер Мамлекеттик суу иштеринин 2-Аймактык директорлугунун жыйналыш залында башталды.

Яхталардын кирүүсүн камсыздоо үчүн Памужак жээгине узундугу 600 метр, кеңдиги 30 метр болгон канал курулуусун көздөгөн долбоордун биринчи этабынын тендерине кызыккандар, сунуштарын оозу жабык конверт менен комиссияга тапшырышты.

Конверттерди иликтеген комиссия, долбоордун наркынын 30 миллион 876 миң 158 лира 58 куруш деп белгилегендерин маалымдады.

Бир тараптан долбоордун биринчи этабынын бир жылдын ичинде бүткөрүлүшү пландалууда.

Долбоор бүткөндө, Эфес портунан 2 миң 500 жылдын ичинде орто эсеп менен 9 километр азайган деңиз, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген байыркы шаар менен кошулат.

Долбоордун негизинде жалпы узундугу 6 миң 130 метр болгон канал ачылат.



Тектеш кабарлар