Түркиянын чет өлкөдөгү каражаттары көбөйдү

Түркиянын чет өлкөдөгү каражаттары 5,1 пайыз өстү

828957
Түркиянын чет өлкөдөгү каражаттары көбөйдү

Түркиянын чет өлкөдөгү каражаттары 226,5 миллиард доллар болду.

Түркия Республикасынын Борбордук банкы тарабынан август айынын аягына байланыштуу Эл аралык инвестиция позициясы көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга караганда, 2016-жылдын август айына салыштырмалуу Түркиянын чет өлкөдөгү каражаттары 5,1 пайыз өстү.

Каражаттар астыңкы пункчалары каралганда, камдык каражаттар түрү өткөн жылдын аягына салыштырмалуу 5,4 пайыздык өсүү менен 112 миллиард доллар, берки инвестициялар түрү да 5,2 пайыз өсүп 72 миллиард доллар болду.

Банктардын жалпы насыя запасы болсо 0,8 пайыздык өсүү менен 88,3 миллиард долларга, берки секторлордун жалпы насыя запасы 9,2 пайыз өсүп 109,6 миллиард долларга жетти.



Тектеш кабарлар