Аккую атомдук станциясынын курулушу башталат

Министр Албайрак Антальяда уланып жаткан 8-Түркия энергетика саммитине катышты

824770
Аккую атомдук станциясынын курулушу башталат

Энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак Аккую атомдук станциясынын ушул жылдын аягында же келээрки жылдын башында пайдубалын түптөөнү ойлогондорун айтты.

Министр Албайрак Антальяда уланып жаткан 8-Түркия энергетика саммитине катышты.

Саммиттеги сөз сүйлөөсүндө Мерсинде курулушу баштала турган Аккую атомдук станциясына байланыштуу маалымат берген Албайрак: «Аккую атомдук станциясынын быйылкы жылдын аягында же келээрки жылдын башында пайдубалын түптөөнү эки өлкөнүн (Түркия-Орусия) мамлекет жана президенттик деңгээлде ишке ашыруу үчүн аракеттерибиз уланууда. 2023-жылдын 29-октябрында Республикабыздын 100 жылдыгына карата бүткөрүүнү каалап жатабыз»-деди.

Энергетикада жергиликтүү өндүрүштүн маанисин баса белгилеген Албайрак: «Өз бургулоо кемебиз менен келээрки жылы Жер ортолук деңиз жана Карадеңизде мунай зат издөө иштерин баштайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар