Түркия Израилге үрөн экспорттоодо

Талаа чарба ишканаларынын башкы директору жана башкаруу кеңешинин төрагасы Мехмет Ташан: «Түркия эми Израилге үрөн экспорттойт»,-деди.

816030
Түркия Израилге үрөн экспорттоодо

Талаа чарба ишканаларынын башкы директорлугу (TİGEM) Түркиянын Израилге үрөндүк буудай экспорттогонун жарыялады.

Талаа чарба ишканаларынын башкы директору жана башкаруу кеңешинин төрагасы Мехмет Ташан: «Түркия эми Израилге үрөн экспорттойт»,-деди.

Ташан, Самсундагы Айыл чарбасы жана технологиялары боюнча 3-жарманкесинде Түркиядагы үрөн өндүрүү туурасында маалымат берди.

Түркияда үрөн дегенде эң эле биринчи эске түшкөн мамлекеттик мекеменин TİGEM экенин айткан Ташан: «Жашылча үрөнүн өндүрүү жагынан Түркияда өндүрүлгөн үрөндүн 50 пайызын өндүргүдөй абалга келдик. Айрыкча жашылча үрөнүн экспорттой да баштадык»,-деп айтты.

Ташан, TİGEM катары дан жана тоют өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү жагынан алдыңкы орунда тургандарын маалымдай кетти.



Тектеш кабарлар