Fitch Ratings Түркия тууралуу божомолдорун кайрадан карап чыгат

Өнүгүп бара жаткан Европа рейтингдери боюнча башчы Пол Гэмбл, Түркиянын экинчи чейректеги көрсөткүчтөрү абдан жакшы келгенин маалымдады.

808074
Fitch Ratings Түркия тууралуу божомолдорун кайрадан карап чыгат

Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Fitch Ratings, Түркия тууралуу божомолдорун кайрадан карап чыгат.

Өнүгүп бара жаткан Европа рейтингдери боюнча башчы Пол Гэмбл, Түркиянын экинчи чейректеги көрсөткүчтөрү абдан жакшы келгенин, бул сандардын алгачкы чейректе жакшы болгон өсүү көрсөткүчтөрүн ээрчигенин белгилеп, Түркияда өкмөттүн ишке ашыра баштаган чараларынын экономика үчүн пайдалуу болгонун көргөндөрүн айтты.

Пол Гэмбл, «Бул чара көрүүлөр менен айрым элементтер финансылык шыктандыруу формасындагы насыя кепилдиги фонду аркылуу болду. Түркияда 3-чейрек өсүүсүнүн да күчтүү болушун күтүүдөбүз. Түркия тышкы шарттардагы жакшыруудан пайдаланууда»,-деди.

Гэмбл, акыркы мезгилде бир топ эл аралык финансы мекемелеринин Түркия тууралуу божомолдорун арттырганы тууралуу да, «Июнь айында Түркияга байланыштуу өсүү божомолубузду кеңири түрдө арттырдык. Түркияга байланыштуу үстүбүздөгү жыл үчүн өсүү божомолубузду 2,4 пайыздан 4,7 пайызга жогорулаттык. Көрсөткүчтөр биз күткөндөн дагы жогору келди. Алдыбыздагы апталарда чечүүчү маанидеги глобалдык божомолдрубузду кайрадан карап чыгабыз. Күчтүү ийгилигинин шарапаты менен Түркиянын өсүүсүн да карайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар