Килистин кара жүзүмү экспорттолуу жолунда

Кара жүзүмдүн мейизи Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө андан кийин Орусия, Ирак жана Афгнастанга экспорттолот.

798475
Килистин кара жүзүмү экспорттолуу жолунда

Эл арасында «Килис карасы» деп аталган кара жүзүмдүн мейизин таанытуу максатында Килис губернаторлугу тарабынан өзгөчө Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө экспорттоо иштери аткарылууда. Ушунун негизинде Килис мейизинин Орусия, Ирак жана Афганстан сыяктуу өлкөлөргө экспорттоо үчүн иштер баштатылды. Килистин түшүмдүү жерлеринде көптөгөн жылдар өстүрүлгөндүктөн  шаардын аты менен аталган кара жүзүмдүн бул жылы биринчи болуп Афганстанга экспорттолушу пландалууда.

Андан кийин талап келген Орусия жана Иракка расмий түрдө экспорт жасалат. Килис карасы бутоо жана тазалоо иштеринен кийин түшмүн алганга чейин ар бир этабында өндүрүүчүсүнө салымын кошууда.

Азык  - түлүк, айыл  - чарба жана мал  - чарбачылыгы директорлугунан алынган маалыматка караганда жалпы шаарда жыл сайын орточо 100 миң гектар болгон аянттан 25 миң тонна мейиз алынууда.

 



Тектеш кабарлар