Түркия-Орусия карым-катнаштары
Измир Enternasyonal жарманкесинин алкагында Орусия-Түркия ишкердик форуму өткөрүлдү
Орусия-Түркия ишкердик кеңешинин жетекчиси сенатор Ахмет Паланкоев, Түркия менен Орусиянын ортосундагы кырым-катнаштардын интеграцияга карай багыт алганын айтты.
Измир Enternasyonal жарманкесинин алкагында Орусиядан жогорку даражалуу делегация катышкан Орусия-Түркия ишкердик форуму өткөрүлдү.
Иш-чараларга катышкан Паланкоев: «Менин оюмча Измир Enternasyonal жармакесинин Орусия-Түркия ишкердик форумуна мындан кийинки процессте да абдан оң таасири болот. Измир Enternasyonal жармакесинин узак жана көркөмдүү тарыхы бар. Учурда өлкөбүздүн ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштардын интеграцияга карай багыт алганын көрүп жатабыз. Орусиялык делегация бул жарманкеде жогорку деңгээлде өкүлдүк кылынууда. Менин оюмча бул жарманкенин негизинде биз алакаларыбызды бекемдей турчу жаңы долбоорлорду жаратышыбыз мүмкүн»,-деди.
Паланкоев мындан кийинки Орусия-Түркия ишкердик кеңешинин жыйындарынын Орусияда өткөрүлө турганын белгилеп: «Быйыл 21-сентябрда Воронежде, октябрь айында да Татарстанда эки өлкөнүн Ишкердик кеңешинин биргелешкен жыйындары өткөрүлөт. Бул иш-чараларды иш чөйрөсүнө дагы жакын болуусу үчүн Орусиянын аймактарында өткөрүүнү чечтик. Татарстан ушул сыяктуу иш-чараларды жана жарманкелерди мыкты уюштурат. Менин оюмча бул эки жыйын тең жогорку деңгээлде өтөт»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.