Экономисттер АКШ Өкмөтүнүн бюджет тартыштыгын чечпесе дүйнөгө зыяны тийээрин маалымдашты
Экономисттер Американын федералдык өкмөтүнүн бюджет кризисинин себебинен жабылуу ыктымалдуулугу болгонун белгилешүүдө.
![Экономисттер АКШ Өкмөтүнүн бюджет тартыштыгын чечпесе дүйнөгө зыяны тийээрин маалымдашты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/919c/30d6/2c1d/598d511520c89.jpg?time=1719173831)
Экономисттер Американын федералдык өкмөтүнүн бюджет кризисинин себебинен жабылуу ыктымалдуулугунун 22 пайыз болгонун белгилешүүдө.
The Wall Street Journal гезитинин 62 экономист менен бул айдын башында жүргүзгөн сурамжылоосунан чыккан жыйынтыктар, АКШнын экономикасына карай финансылык тобокелчиликтин жогорулаганынан белги берди.
Экономисттер федералдык өкмөттүн Конгресс жана Ак үйдүн макулдашууга жете албаган учурунда жабылуу ыктымалдуулугун 22 пайыз деп белгиледи.
Федералдык финансы жылынын 1-октябрда башталып 30-сентябрда аяктаган АКШда, 2018 үчүн финансы жылынын бюджети 30-сентябрга чейин бекитилбесе федералдык мекемелер 1-октябрдан тарта каражат жетишсиздигинин себебинен жабылуу коркунучуна туш болот.
Бюджет кризистери ушул убакка дейре федералдык өкмөттүн эң акыркы жолу 2013-жылы бардыгы 12 жолу жабылышына себепчи болду.
Экономисттер федералдык өкмөттүн карыз чегин АКШ казынасынын учурдагы резервдери түгөнгөнгө дейре жогорулатпай, өлкөнү убактылуу дефолтко алып бара турганына 17 пайыздык ыктымалдуулук берди.
АКШ казынасы Конгресстин карыз чегинин дефолтко түшүрүлбөөсү үчүн 29-сентябрдан мурда жогорулатышы керектигин жарыялаган.
Серепчилер АКШнын Федералдык өкмөтүнүн карыз лимитин жогорулатпоосунун себебинен дефолтко түшүүсүнүн, глобалдык финансылык базарларга чоң зыян тийгизе турганы боюнча эскертти.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719173831)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719173831)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.