Түрк, орус жана ирандык компаниялар келишимге кол коюшту
Үч компаниянын өкүлдөрү Москвага чогулду
Түрк, орус жана ирандык компаниялар, мунай зат жана газ кендерин өнүктүрүү келишимине кол коюшту.
Түркиядан «Unit International» энергетика компаниясы, Орусиядан «Зарубежнефть» компаниясы жана Ирандан «Ghadir» компаниясы мунай зат жана газ кендерин иштетүү долбоорлоруна байланыштуу орток инвестиция келишимине кол коюшту.
Москвадагы жыйында ушул үч компаниянын өкүлдөрү кол койгон келишимге караганда тараптар биргелеше иштешип керек болсо Иран, керек болсо Ирандын тышындагы долбоорлорду каржылашат.
Каржылана турчу ыктымалдуу долбоорлордо бардык компаниялар бирдей инвестиция үлүштөрүнө ээ болушуп, «Ghadir» компаниясы консорциум лидера катары кызмат кылат.
Ирандык бир компаниянын чет өлкөлүк компания менен кол койгон биринчи үч тараптуу инвестиция келишими болгон бул долбоор, Ирандын нефтхимиялык өнөр жайы үчүн да бурулуш жери болуп эсептелет.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.