Түркия шамалдан электр энергиясын алууну күчтөнтөт

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги миң мегаваттык Шамал энергиясын жаратуучу ресурс тармактарынын (YEKA) сынагында киловатт сааты эң аз 3 доллар 48 центти сунуштаган Siemens-Turkerler-Kalyon жалпы өнөктөш тобу жеңди.

783323
Түркия шамалдан электр энергиясын алууну күчтөнтөт

Консорциум кайтарым аукцион ыкмасы менен өткөн сынакта 3,49 доллар киловатт сааттык сунуш киргизүүсү сынак комиссиясынын талабы менен 3 доллар 48 центти түздү.

Сынакта акыркы калган эки команда MingYang-Ilk Insaat жана Siemens-Turkerler-Kalyon ортосунда чоң атаандаштык жаралды.

Сынакка сунуш берген 8 консорциум төмөнкүлөр:

  • Vestas (Данимарка) – Enerjısa
  • General Electric (GE- Америка)- Fina Enerji
  • Goldwind (Кытай) – Akfen Holding – Beycelik Gestamp Yenilenebilir Enerji
  • Siemens (Германия) - Turkerler-Kalyon
  • Enercon (Германия)- Polat Enerji-Limak Enerji
  • Nordex (Германия)- Iklim Elektrik Yatırım –MKS Marmara- Zorlu Enerji
  • MingYang (Кытай)-Ilk Insaat
  • Senvion Ruzgar Enerjisi Cozumleri (Германия)-IC Ictas Enerji

Сынакты жеңип алган консорциум 65% жергиликтүү өндүрүштү камтуу менен 100 миллион доллардын тегерегинде каражат талап кылынган шамал турбиналар заводун курушат.

Заводдо ар бири эң аз 2,3 мегаватт кубаттуулугуна ээ болгон 300- 450 жергиликтүү шамал турбиналары чыгарылат.

Консорциум, канат, генератор дизайны, материалдар технологиясы жана өндүрүш техникаларын программалык камсыздоо жана жаңылануучу тиштүү дөңгөлөк кутулары тармагында эң аз үчөөндө бардыгы 5 тармакта 10 жыл бою изилдөө-өнүктүрүү (Ar-Ge) иштерин жүргүзөт.

Жогоруда айтылган изилдөө-өнүктүрүү (Ar-Ge) иштерин жүргүзүү үчүн ар жыл 5 миллион доллардык бюджет бөлүнүп анын 80%ы жергиликтүү инженерлерден түзүлгөн 50 техник кызматкерлери менен Ar-Ge иштөөсү жүзөгө ашырылат.

Заводдун курулуу убактысы келишимде кол коюу датасынан баштап 21 ай керектелет жана долбоордун лицензиясы 30 жыл болот.

Жеңген консрциум Кайсери- Нигде, Сивас, Едирне-Кыркларели-Текирдаг, Анкара-Чанкыры-Кырыккале, Билежик-Күтахя, Эскишехир болгон 5 башка аймакта кубаттуулугу миң мегаватты түзөт.

Шамал энергиясын жаратуучу ресурс тармактарынын тендерин уткандар 1 миллиард доллардын тегерегинде шамал энергиясын өндүрүү үчүн инвестиция салышат.

Бул долбоордо курула турган ишкерликке кирүү менен ар бир жыл эң аз 3 милиард киловатт саат электр энергиясын өндүрөт жана болжол менен 1,1 миллион үйдүн жылдык электр муктаждыгы шамалдан алынат.

Ошол эле убакытта курула турган шамал жабдуулары менен жылдык орточо эсеп менен 1,5 миллион тонна көмүрдүн азаюусун камсыз кылат.



Тектеш кабарлар