АКШ менен Орусиянын соода согушу

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Америка Кошмо Штаттарынын өзүлөрүнө каршы соода согушун баштаганын билдирди.

782972
АКШ менен Орусиянын соода согушу

АКШнын Орусияга багытталган жаңы санкцияларды кабыл алуусу менен карым-катнаштарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнүн калбаганын билдирген Медведев:

“АКШ бул санкция аракети менен Орусияга багытталган толук соода согушун баштады”- деди.

Медведев фейсбуктагы бөлүшүүсүндө, “Орусияга багытталган жаңы санкция долбоорлоруна АКШ президенти тарабынан кол коюлушунун бир канча натыйжалары бар. Барынан мурда жаңы АКШ бийлиги менен карым-катнаштарыбызды жакшыртууга үмүтүбүз түгөндү. Экинчиден, Орусияга ар тараптуу соода согушу жарыя кылынды. Үчүнүдөн, Трамп бийлиги аткаруу укуктарын кемсинтилген түрдө Конгресске тапшырып берип алсыздыгын көрсөттү. Бул АКШнын саясий чөйрөсүндөгү күч тең салмактуулугун өзгөртүүдө,”- деди.

Трамтын АКШ ичиндеги күрөштү жоготуу убактысы келгенин айткан Орусиянын өкмөт башчысы, “Президент жаңы санкциялардан канааттанбайт, бирок кол коюуга мажбур болду. Акыркы максаты Трамптын кызматтан кетирилиши болгон жаңы киришүү болот. Аларга караганда системасынын сыртындагы оюнчу жок кылынышы керек,”- деп билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө да Трамптын Орусияга багытталган санкцияларын бекитүүсүнүн коркунучтуу жана чабал саясатка белги болгонун билдирди.

Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Василий Небензя болсо, АКШнын ишке ашырууга койгон санкциялары менен Орусиянын белин бүгүү мүмкүн эместигин билдирди.  Министрликтин маселеге байланыштуу билдирүүсүндө:

“Душмандык мамилеси жоопсуз калбай турганын буга чейин көрсөттүк. Каршы чараларды көрүү маселесиндеги укукту сактап турабыз. Өзүбүз жана эл аралык коопсуздук үчүн пайдалуу тармактарда АКШ менен кызматташууга даярбыз”.

Орусия дипломаты санкция карым-катнаштарга зыян тийгизгенине карабастан Москванын Вашингтон менен кызматташууну улантыларын кошумчалады.



Тектеш кабарлар