Түркиянын туризм кирешеси өсүүдө

Түркиянын туризмден түшкөн кирешеси жылдын экинчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 8,7%га артып, 5 миллиард 413 миллион 48 миң долларды түздү.

781032
Түркиянын туризм кирешеси өсүүдө

Түркиянын статистика комитети жылдын экинчи чейрегине байланыштуу туризм статистикалары боюнча маалымат берди.

Туризм кирешесинин (чөнтөк телефон роуминги жана деңиз кызмат көрсөтүүлөрүн кошкондо) 81,3%ы чет өлкөлүк туристтерден, 18,7%ы болсо өлкө сыртында жашап Түркияга келген мекендештерден түшкөн.

Кеткен чыгымдардын 4 миллиард 442 миллион 643 миң долларын  жеке каржылоолор, 970 миллион 405 миң долларын болсо жолдомо пакеттери боюнча каржылоолор түздү.

Киши башына орточо каржылоосу 611 долларды түзсө, чет өлкөлүктөрдүн орточо каржылоосу 570 доллар, өлкө сыртында жашап Түркияга келген мекендештердин орточо каржылоосу 845 долларды түздү.

Түркиядан сыртка чыккан туристтердин саны да экинчи чейректе өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,3%га көбөйүп, 8 миллион 863 миң 391 киши болду.

Булардын ичинен 86,6%ын чет элдиктер, 13,4%ын болсо өлкө сыртында жашап Түркияга келген мекендештер болду.

Өлкө ичинде жашап, башка өлкөлөргө чыккан жарандардын каржылоолорунан түзүлгөн  туризм чыгашалары да, өткөн жылдын ушул убакытына салыштырганда 8,2%га азайып, 1 миллиард 386 миллион 362 миң доллар болду.

Анын 1 миллиард 125 миллион 951 миң доллары жеке, 260 миллион 411 миң доллары болсо жолдомо каржылоолорунан түзүлдү.

Жогоруда айтылган жылдын чейрегинде өлкө сыртына чыккан жарандардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 12,7%га өсүп, 2 миллион 294 миң 588 кишини түздү. Булардын киши башына орточо каржылоолору 604 доллар болуп көрсөтүлгөн.



Тектеш кабарлар