Түркияда жумушсуздук азаят

Жылдын алгачкы төрт айында 1 миллион 488 миң киши жаңы иш оруну менен камсыз болду.

772747
Түркияда жумушсуздук азаят

Түркиянын статистика мекемесинин берген маалыматына караганда өткөн жылдын соңунда 26 миллион 669 миң киши иштеп, бул жылдын апрель айынын соңунда 1 миллион 488 миң кишиге кошумча жумуш орун берилди.

Апрель айынын соңунда жумуш менен камсыз болгондордун саны 28 миллион 157 миңге жетти. Учурда жумушсуздардын саны 3 миллион 287 миң деп белгиленди.

Мында, өлкө башчы Режеп Таййып Эрдогандын 7- февралда өткөн Түркиянын Экономика кеңешинин жыйынындагы сөзүндө  жаңы бош орундарды түзүүдө өкмөттүн колдоо пакеттеринин ролу чоң болгонун айтканы белгиленди.

Айыл чарба банкынын экономисти Бора Тамер Йылмаз, Түркияда каржылык алдын алуулар жана жаңы жумуш ордун түзүү маселесинин алкагында өлкө экономикасынын жыйынтыгы көптөгөн байкоочуларды таң калтырып, күтүлгөндөн да жогорку көрсөткүчкө ээ болгонун белгиледи.

Ал: «Жылдын алгачкы чейрегинде экономика 5 пайызга өстү. Болжол менен 500 адам жаңы жумуш орду менен камсыз болду. Жумушсуздуктун саны мезгил таасирин эске алганда 11,9 дан 11,3чейин түштү»- деди.

 



Тектеш кабарлар