Түрк алчасын эң көп немистер менен орустар алууда
1 - январь, 30 - июнь мезгилинде 42 өлкөгө 50 миң 63 тонна алча жиберген Түркия экспорттон 137 миллион 699 миң доллар киреше тапты.
![Түрк алчасын эң көп немистер менен орустар алууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3d4d/ba8f/5d70/595df0c46ca8a.jpg?time=1718871350)
Сапаты жана жыты менен дүйнө базарынан орун алган түрк алчасын өлкө тышында эң көп немистер менен орустар алууда.
Улудаг экспортчу биримдигинин маалыматына караганда өткөн жылы 1 - январь, 30 - июнь мезгилинде 42 өлкөгө 50 миң 63 тонна алча жиберген Түркия экспорттон 137 миллион 699 миң доллар киреше тапкан. Бул жылы болсо ошол эле өлкөлөргө 30 - июндан баштап 103 миллион 392 миң долларлык 37 миң 754 тонна алча экспорттолду.
Германияга 13 миң 667, Орусияга болсо 8 миң 476 тонна алча жиберген Түркия экспорттун 58 пайызын бул өлкөгө жасады. Түркия бир гана бул эки өлкөгө саткан алчадан 30 - июндан баштап 66 миллион 144 миң доллар киреше тапты. Германия болсо алча үчүн эң көп төлөгөн өлкө болду.
Германия менен Орусиядан кийин эң көп экспорт 6 миң 758 тонна менен Ирак, 1 миң 615 тонна менен Голландия жана 1 миң 597 тонна менен Австрияга жасалды.
Түркиянын алча экспортунун 51 пайызы гана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жасалды. Жалпы 75 миллион доллар алчага акча берген Европа Биримдиги өлкөлөрү алча үчүн килограммына орточо 3, 86 доллар төлөдү.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718871351)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718871351)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.