«Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун деңиз бөлүгүндөгү курулушу башталды

Газпром, «Түрк агымы» жаратылыш газ куур багыты долбоорунун терең деңиз бөлүгүндөгү курулушу башталганын жарыялады.

758765
«Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун деңиз бөлүгүндөгү курулушу башталды

Орусиянын энергетика фирмасы Газпром, «Түрк агымы» жаратылыш газ куур багыты долбоорунун терең деңиз бөлүгүндөгү курулушу башталганын жарыялады.

Газпромдун жарыясында Орусиянын президенти Владимир Путиндин да катышуусу менен «Түрк агымы» долбоорунда Кара деңизден өтө турган куур багытынын Орусиянын Анапа шаарынан тарта курула баштаганы белгиленди. Анда көз караштарына орун берилген Газпромдун аткаруу комитетинин төрагасы Алексей Миллер, курулуштун узундугу 382 метр жана кеңдиги 124 метрдик дүйнөнүн эң ири курулуш кемеси «Pioneering Spirit» тарабынан жүргүзүлгөнүн айтты.

«Түрк агымы» долбоору аркылуу Орусиянын газынын Түркияга жана бул жерден да Түштүк жана Түштүк Чыгыш Европага коопсуз түрдө ташылышы камсыздала турганын баса белгилеген Миллер: «Түркия электр энергиясынын 38 пайызын жаратылыш газдан өндүрөт. Ошондуктан «Түрк агымы» долбоору Түркиянын жана аймактын энергетика коопсуздугун маанилүү өлчөмдө арттырат»,-деп айтты.

Өткөн октябрь айында Стамбулда кол коюлган «Түрк агымы» өкмөттөр аралык келишими менен ар бири жыл сайын 15,75 миллиард метр куб көлөмгө ээ болгон эки куур багытынын курулушу пландалууда.

Алгачкы куур багытынын Түркияга, экинчи куур багытынын болсо керектүү кепилдиктер алынган учурунда Европага жаратылыш газ ташуусу көздөлүүдө.

Бир тараптан Кремлдин жарыясында «Түрк агымы» жаратылыш газ куур багытынын бөлүктөрүн бириктирүү иштерин байкап жаткан Орусиянын президенти Владимир Путиндин президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон аркылуу байланышып терең суулардагы куурларды бириктирүү иштери башталганын маалымдаганы белгиленди.

Путин анда, түрк-орус кызматташтыгынын деңгээлинин бир топ өлкө менен болгон кызматташтык деңгээлинен кыйла жогору экенин айтып: «Башка өлкөлөр менен болгон кызматташуулар үчүн административдик бекитүүнү алуу жылдап созулса, Түркия менен бул процесстерди бир канча айдын ичинде бүтүрүүдөбүз. Албетте бул сиз өзүңүз түздөн-түз берген колдоонун натыйжасында аткарылууда»,-деди.

Путин, Эрдоганга Орусиянын газын Түркия аркылуу Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Европага өткөрүүгө даяр болгондорун да айтты.



Тектеш кабарлар