Түркиянын коргонуу өнөр жайы өнүктү
Түркиянын бул тармактагы секириги өзүнө ишеним алып келди
Улуттук коргоо министри Фикри Ышык, Түркиянын коргонуу өнөр жайында эми өндүрүшү өзүнө жетиштүү болгон өлкөгө айланганын айтты.
Фикри Ышык Франциянын борбор шаары Париждеги авиация жана космостук жарманкеге катышты.
Ышык Парижде жергиликтүү учактар таанытылган жарманкеден кийин түрк коомчулугунун өкүлдөрү менен ооз ачуу тамагында жолугушту.
Анда коргонуу өнөр жайында Түркиянын жасаган секириги өзүнө ишеним алып келгенин баса белгиледи.
Министр Ышык жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүүнүн Түркиянын саясий алдыңкылыгы экенин жана Түркиянын жасаган секириги өздөрүнө бул тармакта ишеним алып келгенин айтты.
Ышык: «Өзүбүз чыгарган курал-жарактарды, системаларды бүткүл дүйнөнүн назарына сунуштоо жакшы нерсе. Ал эми дүйнөнүн эң маанилүү фирмаларынын «Биз Түркия менен бирге өндүрүүнү каалап жатабыз» деген сөздөрү бул да өзүнчө жетишкендик»,- деп кошумчалады.
Ошондой эле Париждин Түркиянын Европа менен саясий жана маданий карым-катнаштары жагынан өзгөчө орду бар экенин да баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.