Fitch Ratings Түркия үчүн экономикалык өсүү божомолун жаңылады

Fitch Ratings, Түркия үчүн 2017-жылга экономикалык өсүү божомолун 4,7 пайыз деп белгиледи.

756486
Fitch Ratings Түркия үчүн экономикалык өсүү божомолун жаңылады

Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Fitch Ratings, Түркия үчүн 2017-жылга экономикалык өсүү божомолун 4,7 пайыз деп белгиледи.

Fitch Ratings, июнь айынын «Глобалдык экономикалык көрүнүш» отчетунда «Референдумдун бүтүрүлгөн болушу жана андан кийинки шайлоолордун 2019-жылдын ноябрь айында боло турганынын себебинен потенциалдык жактан дагы ырааттуу саясий чөйрө, инвестиция жана талаптоонун 2019-жылдын ортосуна чейин күчтөнүшүн колдой алат» деген сүйлөмдөр орун алды.

Отчетто пайыз өсүүлөрү жана мунун жыйынтыгы катары валютада камсыздалган ырааттуулуктун жыйынтыгы катары инфляциянын быйыл алгач ирет май айында жылдык акырындоо көрсөткөнү белгиленди.

Fitch Ratings 2018 жана 2019-жылдар үчүн өсүү божомолун 4,1 пайыз деп белгиледи.

Fitch Ratings мындан мурда Түркиянын быйыл жана алдыбыздагы жыл үчүн өсүү көрсөткүчтөрүн күтүүлөрүнүн катары менен 2,3 жана 1,3 пайыз болоорун жарыялаган.



Тектеш кабарлар