Англиялык миллиардер Мармаристе

Миллиардердин үй-бүлөсү Мармаристе эс алууда

744610
Англиялык миллиардер Мармаристе

Англиянын Премьер-лига командаларынан Тоттенхэм Хотспурдун башчысы жана өлкөнүн бешинчи эң бай адамы Жо Льюис эс алуу үчүн Мугланын Мармарис районуна келди.

77 жаштагы миллиардер Льюис, кызы Вивьен Льюис жана небереси менен бирге кечээ Мармарис булуңдарына барды.

Льюис 150 миллион долларлык «Aviva» аттуу яхтасын алгач Хисарөнү булуңуна токтотту. Бирок бул жерге саякат кемелери көп каттагандыктан жанындагы Согужак булуңуна өттү.

Льюис үй-бүлөсү деңизге түшүп, серфинг жана суу лыжасын тебишти.

Үй-бүлөнүн Мармаристен кийин Гөжек булуңдарына жана андан соң Родоско кетээри айтылып жатат.



Тектеш кабарлар