Түркия бал өндүрүүдө дүйнөдө экинчи орунда
«Түркияда жалпы 84 миңден ашуун ишкана, 7,9 миллиондон ашуун челекте 105 миң 727 тонна бал өндүрүлүүдө».
Түркия айыл - чарба палаталар биримдиги ТЗОБдун баш катчысы Шемси Байрактар Дүйнөлүк аары күнүнөн улам берген маалыматында аары багуунун Түркияда абдан чоң сектор экендигин белгилеп : «Түркияда жалпы 84 миңден ашуун ишкана, 7,9 миллиондон ашуун челекте 105 миң 727 тонна бал өндүрүлүүдө»,- деди.
Байрактар 1, 5 миллион тоннадан ашуун дүйнөлүк бал өнүрүшүнүн 30, 6 пайызын Кытайдын өндүргөндүгүн, Түркиянын Кытайдан кийинки 6, 85 пайыздык үлүш менен экинчи орунда, Түркиядан кийин 5, 35 пайыз менен АКШ, 5, 03 пайыз менен Иран, 4, 96 пайыз менен да Орусиянын келгендигине көңүлдөрдү бурду.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.