Стамбул биржасы рекорддук көрүнүшкө жетишти
Эркин базарда бир Америка доллары 3 лира 56 куруштан, евро болсо 4 лирадан сатылууда.
Стамбул биржасы бүгүн күндү 96 миң 400 балл менен баштап,рекорддук көрүнүшкө жетишти.
Стамбул биржасы кечээки күндү 1253 баллга жогорулап 96 миң 400 балл менен жапты.
Акциялардын баасы бир күндө орто эсеп менен 1,32 пайызга жогорулады.
Эркин базарда бир Америка доллары 3 лира 56 куруштан, евро болсо 4 лирадан сатылууда.
Облигация жана вексель базарларында көрсөткүч облигациянын бириккен пайызы болсо 11,28 пайыз деңгээлинде. Эл аралык базарларда алтындын унций баасы 1260 доллар, ал эми Капалычаршыда "Жумурият" алтыны 966 лирадан сатылууда.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.