Кытай менен Орусия биргелешип учак чыгарат

Долбоорго 13-20 миллиард доллар сарпталат

736963
Кытай менен Орусия биргелешип учак чыгарат

Кытай менен Орусия, Боинг жана Эйрбаска атаандаш боло турчу чоң борттуу учак чыгаруу үчүн билгелешип ишкана курду.

«Шанхай Дэйли» гезитинин маалыматына караганда, Кытайдын мамлекеттик ишканасы Commercial Aircraft Co. (COMAC) менен Орусиянын United Aircraft Corp. компаниясы «China-Russia Commercial Aircraft Corporation Ltd.» деген аталышта бирикти.

Эки өлкө жарым-жарымдан өнөктөш болгон ишкана 280 орундуу, 12 миң километр аралыкка уча ала турган чоң борттуу учак чыгарат.

Долбоорго 13-20 миллиард доллар сарптала турганы баса белгиленсе, биргелешип чыгарыла турган учакка «929» деген ат берилет.



Тектеш кабарлар