Түркиянын ракеталык системага муктаждыгы бар

Түркия Орусиядан S-400 коргонуу системасын сатып алат

717910
Түркиянын ракеталык системага муктаждыгы бар

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык Орусиядан S-400 коргонуу системасын сатып алуу иштеринин аяктап калганын белгилеп: «Бирок дагы деле эки өлкө тарабынан жүргүзүлүшү керек болгон процесстер бар»,-деди.

Фикри Ышык борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ышык: «Түркиянын ракеталык системага муктаждыгы бар экени белгилүү. Бирок НАТОго мүчө өлкөлөр Түркияга натыйжалуу сунуштарын айткан жок, технологияларды өткөрүп берүү жана биргелеше өндүрүүнү да кабыл алышкан жок»,- деп айтып, эмне себептен Орусиянын базар экономикасына кайрылгандарын түшүндүрдү.

Орус S-400дөрдүн НАТОнун системасына кошулбай турганын билип тургандарын белгилеген министр Ышык: «НАТОдон кандайдыр бир талабыбыз жок. Бирок НАТО да бул темада түшүнүктүү болушу зарыл. Б.а сиз технологияны бөлүшпөйсүз жана наркы боюнча натыйжалуу сунуштарыңызды да ортого салбайсыз. Экинчи тараптан НАТОнун тышынан ала албайсыңар дегенге укугуңар жок»,-деди.

Фикри Ышык Түркиянын акыркы максатынын болсо алыс аралыкка атуучу абадан коргонуу жана ракеталык системасын өзү өнүктүрүү экенин жана буга багытталган иш-чаралардын да башталган абалда экенин айтты.



Тектеш кабарлар