Антальяда «Nemo Primero» тейлөөгө ачылды
Деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү туристтик кеме менен саякат кылуунун акысы канча?
![Антальяда «Nemo Primero» тейлөөгө ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a6e2/38b8/210c/58ecc598b2919.jpg?time=1719049320)
Антальяда деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү туристтик кеме «Nemo Primero» тейлөөгө ачылды.
Антальянын губарнатору Мунир Караоглу, "Калеичи" яхта портунда өткөрүлгөн азмдеги сөз сүйлөөсүндө, бул кеменин түрк туризминин өнүгүүсү жагынан маанилүү экенин баса белгиледи.
Аземден кийин губарнатор Караоглу жана аны коштогондор деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү туристтик кеме менен расмий чумкуусун Антальянын Калеичи жээктеринде 35 метр тереңдиктеги St. Didier чөгүндүсүнө ишке ашырды.
48 кишилик «Nemo Primeroнун» узундугу 20 метр, туурасы 4 метр, бийиктиги 6,5 метр жана салмагы 106 тонна.
Бир мүнөттүн ичинде сууга чумкуган туристтик кеме күн сайын Калеичи жана Сычан аралынын жээктеринде белгиленген багыттарда биринчи этапта күнүнө төрт жолу чумкуй алат. Талапка жараша 8 жолу сапар тартса болот.
Деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү туристтик кеме менен 1 сатттык саякат үчүн ар бир кишиге төлөнө турчу акы 200 түрк лирасы деп белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719049320)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719049320)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.